Ден соолукка зыян алып келген тамак-аштар

3 февраля 2022 14:25 9232 24 Barometr
Поделиться в:
ok

Биздин ден соолугубуз туура тамактануудан көз каранды. Ал үчүн күнүмдүк рациондук тамак-ашты пайдалуу жана экономдуу кылуу үчүн төмөнкү беш тамак-ашты өз рационуңуздан алып эле койгонуңуз оң. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Кайра иштетилип чыккан эттердин түрмөгү

Колбаса, сосиска жана бат даярдалган консервалардын түзүмүндө ири өлчөмдөгү тузду кездештирүүгө болот. Андан да эң зыяны алардын курамындагы майлуулук кандын түзүмүндөгү холестеринди өлчөмүн көбөйүүсүнө алып келет.

Маргарин

Көптөгөн үй кожойкелери тамак-ашты экономдоо үчүн маргаринди көп колдонот. Бул да болсо зыян экен. Анткени анын түзүмүндөгү майлар, организмдеги тромбду пайда кылып, инфарк жана инсульт ооруларын пайда кылат.




Майонез

Майонез эң зыяндуу тамак-аштын катарын толуктайт. Аны тынымсыз колдонуу жүрөк кан тамыр жана тамак сиңирүүдө кыйынчылыктарды туудурат.

Майлуулугу аз сүт азыктары

Майлуулугу аз болгон айран жана сүт азыктарын көп колдонуу жүрөк кан тамыр оорусуна алып келет экен. Муну менен бирге кан айлануу системасынын бузулуусуна да өбөлгө болоорун адистер эскертет.

Ссылка: https://barometr.kg/den-soolukka-zyyan-alyp-kelgen-tamak-ashtar



Добавить комментарий