Ден соолукка абдан пайдалуу жемиш - киви

9 ноября 2022 09:52 7024 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Киви – бул даамдуу жемиш гана эмес, ден соолукка абдан пайдалуу дагы жемиш. Ал учпаган киви деп аталган чымчыктын урматына ушундай аталышка ээ болгон.  

Орточо көлөмдөгү эки киви күн сайын сунушталган С витамининин нормасын толтурат. С витамини иммундук системанын ишин жакшыртып, стресске туруштук берүүнү алдын алат.С витамини организдеги темирди колдонууну жакшыртып жаралардын тез айыгышына көмөкчү болот.

Ошондой эле кивиде холестериндин деңгээлин төмөндөтө турган Е витамини бар.

Киви серотониндин булагы, серотонин тамак-сиңирүү, жүрөк кан тамыр системаларынын ишине абдан пайдалуу. Серотонин маанайды көтөрүп, табитти жөнгө салат. Уйкунун сапатын жакшыртат. 

Эки кивиде нерв менен булчуңдарга зарыл болгон 30 мг магний бар. Кивини дайыма жеп туруу кан басымды нормалдаштырып, инсультту, бөйрөктө таштын пайда болушун алдын алат. Эртең менен бир киви жеп коюу канды суюлтат. Көздүн көрүүсүн чыңдайт.

Кивинин зыянын дагы билип алыңыз!

Ал айрым адамдарда аллергияны пайда кылышы ыктымал.Аны көп жегенде дагы астма, теринин кызарышына алып келиши ыктымал.

Күн сайын киви жегенде дерматит пайда болушу мүмкүн.Уйку без аны кабыл алууга терс реакция бериши ыктымал.

Калий, С  жана Е витаминдери көп өлчөмдө кандагы триглицериддердин деңээлин өзгөртүп, мындан улам уйку безге начар таасир берет.

Ссылка: https://barometr.kg/den-soolukka-abdan-pajdaluu-zhemish-kivi



Добавить комментарий