“Делбирим” тасмасындагы баш каарманды ойногон Мадина Талипбек Өзбекстанда "мыкты актриса" наамын жеңип алды
“Делбирим” тасмасынын башкы каарманы Асельдин ролун жараткан Мадина Талипбекке Өзбекстанда өткөн PROlogue-2018 эл аралык кинофестивалында “Мыкты актриса” номинациясы ыйгарылды. Бул тууралуу Мадина Талипбек жеке баракчасына жазды. Андан сырткары кинонун продюсери дагы маалымдады.
"Кубнычымды сөз менен айтып жеткире албайм. Мага азыр эле PROlogue-2018 эл аралык кинофестивалында “Мыкты актриса” номинациясын жеңип алганымды кабарлашты. Делбирим тасмасы прокатка чыга электе эле ушундай наам ыйгарылып жатканына кубанганымдан ыйлап жатам"-деп жазган актриса Мадина Талипбек жеке баракчасына.
PROlogue — Эл аралык кинофестивалы Өзбекстанда негизделип, быйыл төртүнчү ирет өтүп жатат.Ага катышууга быйыл 60 өлкөдөн 289 тасма коюлган. Анын ичинен 8 толук метраждуу, 14 кыска метраждуу, 9 улуттук (Өзбекстан) кыска метраждуу тасма фестивалдын негизги сынагына өткөн. Буга кыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” киносу да катышкан. Кинокартиналарды көрүп бүткөндөн кийин калыстар мыкты режиссер, мыкты актер жана актриса номинацияларын ыйгарышат.
Добавить комментарий ×