Дастан Догоев УКМКга беш сааттан ашык сурак берип чыкты

8 мая 2019 23:22 2584 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) экс-төрагасы Дастан Догоевди кармады деген маалымат жергиликтүү ЖМКга жана социалдык тармактарга тараган. Бул чындык экенин КРнын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев социалдык тармактагы баракчасына маалымдады.

“Дастан Догоев чын эле 5 сааттан ашкан ГКНБ да суракка алынып, жаңы эле чыгыптыр. Маанайы жакшы экен, сүйлөшсөм, бирок кичине чарчагандай сезилди!

Чоо жайы дагы айтылаар”,-деп жазды ал.


Эскерте кетсек, укук коргоочу Динара Ошурахунова өзүнүн соцтармактагы баракчасына "IT-адистерди камакка алуу уланып жатат, бирок укук коргоо органдары Инфоком менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин паспортторду даярдоо боюнча тендердеги коррупция боюнча күнөөсүнүн ачык далилдерин таба алышкан жок. Ошол эле учурда жеңип алган компания Арбитраждык сотко берди. Расмий органдар Догоевдин камакка алынышын четке кагууда, анткени санкция жок. Бирок анын аялы учурда адвокат издеп жатат”,-деп жарыялаган эле.

 

Ссылка: https://barometr.kg/dastan-dogoev-ukmkga-besh-saattan-ashyk-surak-berip-chykkan



Добавить комментарий