Дастан Бекешев өз командасына жардамчы кыз издеп жатат

16 июля 2019 12:58 1344 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн командасына кыз жардамчы алууну чечти. Бул тууралуу ал өзүнүн расмий сайтына жарыялады.  

“Менин командамда жигит иштеп жаткандыктан, гендердик теңдикти сакташ үчүн кыз талап кылынат”,-деп жазды депутат.

Ал талапкер кызга негизги жети талапты жазды. Болочоктогу талапкердин жашы 30 жашка чейин, жогорку билимдүү, 3 жылдан кем эмес иш тажырыйбасы болушу керек. Ал   мекеме программаларын билүүгө тийиш, фото жана видео редактордо иштегенди билүүсү колдоого алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/dastan-bekeshev-z-komandasyna-zhardamchy-kyz-izdep-zhatat



Добавить комментарий