Дастан Бекешев премьер-министрликке талапкерге: 5 600 сомго бир ай жашаса болобу?

3 февраля 2021 13:18 801 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралууда. Көпчүлүк коалиция тарабынан премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Улукбек Мариповго депутат Дастан Бекешев “5 600 сомго бир ай жашаса болобу” деген суроо узатты.

Марипов жашаса болот бирок, чындыгында кыйын деп жооп берди.

“Мен сиздин сурооңуздун түпкүрүн түшүндүм. Сиз Кыргызстандагы жашоо минимуму тууралуу айтып жатасыз. Эми бул айла жоктун иши болуп жатат да. Биз муну дагы карап чыгабыз”, - деп жооп берди Марипов.

“Биз саясат, структураны алмаштыруу деген иштер менен алек болуп, чыныгы карапайым калктын көйгөйлөрүн унутуп коюп жатабыз. Биз ар дайым мугалимдердин жана дарыгерлердин айлык ыкысын көтөрүшүбүз крек деп айтып келебиз. Бирок, почтада иштеген кызматкерлердин айлык акысы да өтө төмөн. Мына ушуга окшогон кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү маселесин карап чыгышыбыз керек. Пенсия, жөлөк пул, жанагы мен айтып өткөн кызматкерлердин айлыгы качан көтөрүлөт”, - деп суроо узатты Бекешев.

“Биз качан деген суроого качан  баарыбыз бирдикте өндүрүшкө тоскоол болбой, орто жана жеке бизнести көтөрүп, экспорттун потенциалын көтөргөндө көбөйтөбүз”, - деп жооп берди Марипов.

Ссылка: https://barometr.kg/dastan-bekeshev-premer-ministrlikke-talapkerge-5-600-somgo-bir-aj-zhashasa-bolobu



Добавить комментарий