Дастан Бекешев: Кытай карызын кантип төлөйбүз? Элден акча чогултуу менен насыяны жаба албайбыз
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кытайга болгон карызды элден акча чогултуу менен төлөй албашыбызды айтты. Бул тууралуу анын соцтармакка жарыялаган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бекешев Кытайдын экономикасы пандемия шарттарында да өсүп жатканына токтолду. Ал Кытай дүйнөдөгү экономикасы жагынан эң күчтүү мамлекет экенин белгилеп, дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекеттири Кытайга карыз деди.
“Кыргызстан да эгемендик алган күндөн баштап Кытайдан карыз ала баштаган. Ал карыздардын айрымдарын Кытай кечип койсо, көбүн өзүбүз төлөп бүттүк. Ал эми, бизди 2008-жылдан баштап алган карызыбыз ойлондурат. Биз учурда Кытайга 9 насыяны кайтарып беришибиз керек. Бул насыянын алтоо жолдорду оңдоого, үчөө энергетикалык тармакка багытталган. Эми биздин мамлекет ушул насыяларды төлөй алабы? Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытайга болгон карызды төлөөгө элди жардамга чакырып, атайын эсептер ачыларын айткан. Бирок, биздин карыздардын өлчөмү көп болгондуктан, элдин жардамы менен жаба албайбыз го деген ой кетет”, - деди Бекешев.
Ошондой эле, ал акчалар кайсы багытка жана кандай шартта алынганына токтолду.
“Ош-Сарыташ-Иркештам жолун салуу үчүн 75,29 миллион доллар;
Бишкек-Нарын-Торугарт жолун салууга 200 миллион доллар;
Ош-Баткен-Исфана жана Бишкек-Балыкчы жолун курууга 129,83 доллар;
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун курууга 3 насыя 690,8 миллион доллар;
Кыргызстандын түштүгүндөгү электр линияларын модернизациялоого 208 миллион доллар;
"Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын жана "Кемин" подстациясын курууга 389,80 миллион доллар;
Ошондой эле, баарыбызга белгилүү Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн 386 миллион доллар алынган.
Ушул кредиттер 20 жылдан 25 жылга чеийн берилген. Биздин өлкөнүн Кытайга болгон жалпы карызынын өлчөмү 2 миллиард 256 миллион долларды түзөт. Экономикабыз мындай кыйчалыш абалда турганда тышкы карызды кантип кутулабыз?
Эгерде төлөй албай кала турган болсок кандай болорун өзүбүз көрдүк. Буга мисал катары коңшу Тажикстанды алсак болот. Алар Кытайга карызын төлөй албай калганы үчүн Кытай менен чектеш аймагын жана алтын кени чыккан жерин бергени маалым болгон”, - деп кошумчалады эл өкүлү.
Эскерте кетсек, Кыргыз бийлиги эл аралык коомчулуктан, анын ичинде Кытайдан карыз төлөөдө жеңилдик берүүнү бир нече жолу суранган. Мурунку президент Сооронбай Жээнбеков 14-сентябрда Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Ини Бишкекте кабыл алганда ушул маселени көтөргөн. Жээнбеков май айында Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, анда да коңшу өлкөдөн карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартууну суранган. Бирок, Кытай тарап Кыргызстандын карызынын мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчүнө оң жооп бере элек.
Добавить комментарий ×