Дарылергер кимге банан жегенге болбой тургандыгын айтышты

10 мая 2019 12:46 15283 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Банан бир нече баалуу азыктарга бай экенин билиебиз. Алсак, калий, кальций, фосфор, темир, С жана В топтогу витаминдер.  Мындай уникалдуу курамы уйкусуздук менен жабыркагандарга, жүрөк кан тамыр ооруларына абдан пайдалуу. Бирок, көрсө кээ бирлерине бананды пайдаланууга такыр тыюу салынат. Бөйрөк оорусу менен жабыркагандар бананды чеги менен ганан жеши керек, себеби банан организмден суюктукту активдүү чыгарат.  Мындай суюктун организмден көп чыгышы кандын уюушуна алып келет. Анан албетте, эгерде ал адамдын өзүнүн эле каны кою болсо, бананды ашыкча пайдалануу тромбтордун пайда болушуна алып келет. Тромбофлебиттерге банан такыр тыюу салынат.      

Бананды жегенде организимде газдын пайда болушу күчөйт, банан өзү эле көптө сиңет. Ашказан оорулары менен жабыркагандарга мындай абал бир кыйла кыйынчылыктарды жаратат.

Ошондой эле өтү, боору жакшы иштебегендерге банан бир нече маселелерди жаратышы мүмкүн. Анткени ал өт агымынын жайлатат.

Банандын курамында кальцийдин  болушу жүрөк оорусунда жакшы профилактикалык каражат болгону менен, инфаркт жана инсульттан кийин  калыбына келтирүү процессин жайлатат.

Диабетиктер үчүн банан коркунучсуз. Себеби ал кандагы канттык бачым көтөрүлүшүнө өбөлгө түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/darylerger-kimge-banan-zhegenge-bolboj-turgandygyn-ajtyshty



Добавить комментарий