Дарыгерлер биринчи жолу бетти жана колду бир эле мезгилде трансплантациялоону ийгиликтүү жүргүзүштү

4 февраля 2021 16:16 3870 Barometr
Поделиться в:
ok

Нью-Йорк Университетинин алдындагы Langone Health медициналык борборунун дарыгерлери АКШ тургунуна дүйнөдө биринчилерден болуп бет жана кол трансплантациялоо операциясын жасашты. Бул тууралуу Daily Mail гезитине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Дүйнө жүзүндө колун жана бетин алмаштыруу боюнча операция ийгиликтүү болгон биринчи адам Нью-Джерси шаарынын тургуну 22 жаштагы америкалык Джо Ди Мео болгон. Буга чейин дүйнө жүзү боюнча 50гө жакын адамга бетин алмаштыруу операциясы жана 100гө жакын адамдын колуна трансплантация жасалган. Бирок, бир эле пациентке бир эле учурда эки трансплантацияны ийгиликтүү жүргүзүү эч качан мүмкүн болгон эмес.

2018-жылдын июль айында Джо Ди Мео жумуштан кеч чыгып, рулда уктап калган. Анын унаасы оодарылып, өрттөнүп кеткен. Ал өтө катуу денесинин 80 пайызынан күйүк алган. Жигит жандандыруу бөлүмүнөн кырсыктан дээрлик үч айдан кийин ойгонгон. Ушул убакыт аралыгында, ага 20га жакын реконструктивдик операцияларды жасашкан. Дарыгерлер 2020-жылдын август айында, трансплантациялоого ылайыктуу адамды табышкан.

Дарыгерлер жигиттин эки колун тең кесип, анын билектерин алмаштырып, нервдерди, кан тамырларды жана 21 тарамышты жука тигиштер менен бириктиришти. Ошондой эле, алар маңдай, каш, мурун, көз, кабак, эрин, кулак жана ээгинин астындагы сөөктөрдү камтыган жүздү толук трансплантациялоо операциясын жасашты. Операция август айында болуп, 23 саатка созулуп, 16 хирургдун жана 80 медициналык кызматкердин эмгеги талап кылынган.

2020-жылдын ноябрь айында ооруканадан чыккандан кийин, ага күн сайын бир нече саат физиотерапия жана логопедия өткөрүп, интенсивдүү реабилитациядан өткөнү айтылууда.

"Дарыгерлер менин колумду кесиш керек болчу, бетим катуу күйүп кеткен, көзүм бүлбүл эле ачык болбосо жабылып калган. Эми мен колдорумду ар дайым кыймылдатып, көнүгүүлөрдү жасап турушум керек", - деди бейтап.

Ди Мео эми өмүр бою дары ичет, ошондой эле жаңы бет жана кол сезгичтигин калыбына келтирүү үчүн реабилитациясын улантат.

Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-djnd-birinchi-zholu-betti-zhana-koldu-bir-ele-mezgilde-transplantaciyaloonu-ijgilikt-zhrgzsht



Добавить комментарий