Дарыгерлер арасында коронавирус жуктургандар 270ке жетти

21 мая 2020 10:28 1328 Barometr
Поделиться в:
ok

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жалпысынан республика боюнча коронавирус 270 дарыгерге жугуп, алардын ичинен 223 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Ал эми республика боюнча 1313 кишиге коронавирус жугуп, 929 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-arasynda-koronavirus-zhukturgandar-270ke-zhetti



Добавить комментарий