Дарыгерлер 12 жыл кулдай иштейби? Улуттук бейтапкананын дарыгери чыгымын эсептеди

12 сентября 2018 14:00 1815 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Улуттук бейтапкананын  кан-тамырлар бөлүмүнүн хирургу Эльзар Токтоназаров дарыгерлердин окугандан баштап 12 жылга чейинки каражатты эсептеп жазып өзүнүн фейсбук баракчасына киргизди. Анын эсеби боюнча дарыгерлер 12 жылдай "кулча" иштейт экен. 

  • Окуу жайга төлөнгөн контракт 55 миң сом жылына;
  • 330 000 окуу жайдагы 6 жылга кетет;
  • 180 миң сом ординатурага;
  • 510.000 официалдуу эсеп  жалпысынан. 


  • күнүмдүк самсы, чай, жол кире 4 жолу маршруттук такси менен, жалпы минимум күнүнө 120 сом;
  •  120ны 240 окуу күндөрүнө көбөйткөндө 28 миң 800 сом жылына. 
  • 8 жылга 230 миң 400 сом болот экен.
  • Жыйынтыгында 510 миң + 230 миң 400= 740миң сом доллар менен эсептесе 10730 АКШ доллары. 

"Ординатураны бүткөндөн кийин, акча сурабай жумушка алса жарым ставка менен 4000 сом айлык, толук ставка 8000 сом. Эмгек стажыларды кошуп олтуруп ашып кетсе 15 миң сом болот. Ушул кеткен каражаттын баарын төлөгөн окууга кеткен карызга бөлгөндө, дарыгерлер 12 жыл кулдай иштеп калат экенбиз"-деп жазды. 

Ал эми атын айткысы келбеген жаран дарыгерлердин аз айлык алып, эптеп жашап жаткандарына кошулбайт. Анын айтымында "Дарыгерлердин колуна түшсөң акчаң суудай агат.  Карапайым калк ооруканаларга барганда катталыш үчүн регистрацияга 200 сом, дарыгердин консультациясы орточо эсеп менен 400 сом, кандай гана аппаратка түшпө 300 сомдон өйдө башталат. Баасы кымбат дарыларды жазып беришет. Кыскасы бир жериң ооруп, дарыгерлерге кайрылсаң дарысы, жол киреси, аппараты, консультациясы болуп жана башка майда акчалар болуп олтуруп 5000 сомдун тегеринде жөн эле чыгым болосуң"

Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-12-zhyl-kuldaj-ishtejbi-uluttuk-bejtapkannyn-hirurgu-12-zhylda-ketken-chygymdy-sanap-chykty



Добавить комментарий