Дарыгердин кеңеши: Грипптен тез арада айыгуунун жолдору

3 декабря 2020 10:32 2577 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыш мезгилинин келиши менен суук тийип, грипп болуп ооругандардын саны арбыйт. Ошондуктан, "Барометр" грипптен тез арада сакайып кетүү үчүн пайдалуу кеңештердин топтомун сунуштайт. 

Британиялык дарыгер жана теле алып баруучу Сара Джарвис грипптен тез арада айыгуунун үч натыйжалуу жолун Express агенттигинин журналистерине айтып берди. 

 Адистин айтымында, биринчи кезекте тамакка себүүчү спрей колдонуу керек, ал микробдордон коргоочу тоскоолдук болуп калат.

"Изилдөөлөр көрсөткөндөй, спрей грипптин симптомдорунун кесепетин эки эсеге кыскартып, вирустун организимде жүрүүсүн жок кыла алат", - деди дарыгер.

Дарыгердин экинчи кеңеши - иммунитетти көтөрүү үчүн эхинацея (чөптөн дары) ичүү. Анын айтымында, кышкысын кошумча витаминдер менен кошо чөп дарыларды ичип туруу зарыл.

Адис грипптен арылуунун үчүнчү жолу С витаминин ичүү же курамында аталган витамин бар тамак-аштарды колдонуу керектигин айтты. Мисалга алсак, цитрус жемиштери, калемпир, брокколи өңдүү жашылчалар грипптен сакаюнун бирден-бир жолу.

Ссылка: https://barometr.kg/darygerdin-keeshi-grippten-tez-arada-ajyguunun-zholdoru



Добавить комментарий