Дарыгер Зарылбек Рысалиевдин абалы тууралуу: Жакшы сүйлөй албай жатат

13 июня 2019 16:31 5816 4 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты, Ички иштер министрлигинин экс-төрагасы Зарылбек Рысалиев реанимациялык бөлүмдөн  жалпы палатага которулду. Бул тууралуу КРнын президенти менен өкмөтүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Александра Олексюк билдирди.

 “Рысалиевдин абалы орточо оордукта, аны жалпы палатага которушту, азыр кан басымы жана кандагы канттын деңгээли туруксуз болуп жатат. Сөздү так айта албай жатканы байкалууда”,-деп билдирди Олексюк.

Эскерте кетсек, Зарылбек Рысалиев 7-июнда Ички иштер министрлигине  кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка чакырылгандан кийин инсультка шектелип ооруканага жаткырылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-zarylbek-rysalievdin-abaly-tuuraluu-zhakshy-sjlj-albaj-zhatat



Добавить комментарий