Дарыгер өзү операция жасаган аялды кийинки күнү келип зордуктап кеткен

13 май 2019 16:30 17336 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Ижевск шаарындагы ооруканалардын биринде иштеген, тажырыйбалуу, көп сыйлыктарга татыктуу болуп жүргөн дарыгер өзү дарылап жаткан бейтап аялды зордуктагандыгы үчүн соттолду.Бул тууралуу rg.ru булагы кабарлады.

Удмуртиянын прокуратурасы билдиргендей, окуя өткөн жылдын сентябрь айында болгон. Дарыгер ооруканада өзү операция жасаган аялдын оорулуу абалынан пайдаланып, операция жасаган күндүн эртеси ага күч колдонгон. 

53-жаштагы дарыгер Россиянын ЖК 131-беренесинин 1-бөлүгү («Зордуктоо») жана 132-берененин 1-бөлүгү («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү») боюнча айыпталып, 1,5 жылдык сыноо мөөнөтү менен 3,5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Дарыгер күнөөлөрүн жарым-жартылай мойнуна алган жана жабырлануучудан кечирим сураган. Ошондой эле ооруканадагы ишинен бошотулган.

Өкүм чыгарууда сот дарыгерге карата берилген жакшы мүнөздөмөлөрдү, сыйлыктарын жана ден-соолугунун абалын эске алган.

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-z-operaciya-zhasagan-ayaldy-kijinki-kn-kelip-zorduktap-ketken



Добавить комментарий