Дарыгер салттуу медицинанын кооптуу ыкмаларын атап берди

29 января 2021 14:23 1784 Barometr
Поделиться в:
ok

Дарыгер жана теле алып баруучу Евгений Комаровский салттуу медицинанын популярдуу ыкмасын кооптуу деп атады. Бул тууралуу ал өзүнүн YouTube каналына жарыялаган видео тасмага шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Дарыгер ысык картошканы балага ингаляция катары колдонуу кооптуу экенин айтат.

"Эгерде сиз элдик медицинада колдонуп жүргөн ыссык картошка менен ингалация жасагандан  кийин дем алуу органдарынын күйүгү менен ооруканада канча бала жаткырылганын көрсөңүз, анда чачыңыз тикесинен тик турмак", - деди дарыгер.

Комаровский дарылоонун бул ыкмасы натыйжасыз экендигин жана цивилизациялуу өлкөлөрдө тыюу салынышы керектигин баса белгиледи. Ал балдарын ыссык картошканын буусу менен дем алдырган ата-энелерди балдарын кур менен камчы салгандарга салыштырды.

"Бул кадимкидей эле оор кылмыш", - деп сөзүн жыйынтыктады дарыгер.

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-salttuu-medicinanyn-kooptuu-ykmalaryn-atap-berdi



Добавить комментарий