Дарыгер мээге зыян алып келе турган тамак-аштардын түрлөрүн атады

11 октября 2022 09:25 4271 Barometr
Поделиться в:
ok

Корнелл университетинин неврология жана радиология кафедрасынын ассистенти Лиза Москони туура эмес тамактануу бардык органдардын ичинен мээге өзгөчө зыян келтирерин айтты. Бул тууралуу "РИА Новости" жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Каныккан малдын майын камтыган азык-түлүктөр жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана когнитивдик көйгөйлөрдүн тобокелдигин жогорулатат.

"Биз майлуу, таттуу тамактарды жегенде, алсыроо, уйкусуроо сыяктуу белгилер байкалат, бул оорулар ашказанда эмес, мээде пайда болгон көйгөй", -  деди адис.

Мындан тышкары, мындай тамактануу мээнин функционалдык жана структуралык элементтеринин жоголушуна алып келип, аны карылыкка жана акыл-эссиздикке алып келет деп экертти Москони.

Терс таасирлердин алдын алуу үчүн, дарыгер антиоксиданттарга бай азыктарды, анын ичинде С жана Е витаминдерин, бета-каротин, омега-3 май кислоталарын жана сезгенүүгө каршы В тобундагы витаминдерди жеп турууну сунуштады.

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-meege-zyyan-alyp-kele-turgan-tamak-ashtardyn-trlrn-atady



Добавить комментарий