Дарыгер COVID-19 жөнүндө популярдуу фейк маалыматтардын бетин ачты
Россиянын Сеченов университетинин пульмонологу Владимир Бекетов коронавирустан коргонуу тууралуу интернеттеги маалыматтардын чын-бышыгын кантип ажыратуу керектигин айтып, бир катар мифтерди жокко чыгарды. Бул тууралуу "РИА Новости" жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Видео аркылуу кеңеш берип жаткан авторлор вирус жуккандан кийин бир нече күн бою "шилекей менен былжырлуу челдин ичинде сакталып турат" деп ырасташат.
Бекетовдун айтымында, бул божомолдун респиратордук вирустук инфекциялардын өнүгүү механизмине эч кандай тиешеси жок.
"Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бардык вирустар клеткалардын ичинде гана көбөйөт. Вирус бир нече саат бою былжырлуу челдин бетинде болушу мүмкүн", - деп түшүндүрдү ал.
Дагы бир фейк маалымат - сода эритмеси менен мурунду чайкоо жана анын буусунан дем алуу боюнча кеңеш. Дарыгер белгилегендей, азыр мурунду жууш үчүн коопсуз аналогдор көп, ал эми сода эритмесинин буусу менен дем алуу жогорку дем алуу жолдорунун олуттуу дүүлүгүүсүнө алып келиши мүмкүн.
“Мындай ыкма менен сиз тескерисиче, ден соолугуңузга зыян алып келишиңиз мүмкүн. Ошондуктан инфексиянын белгилери байкалар замат дарыгерге кайрылууну сунуштайм”, - деди дарыгер.
Адис бейтаптарга интернет аркылуу кеңеш берген видеолорго ишенбөөнү жана оорунун алгачкы белгилери байкалса, доктурга кайрылууну сунуштады.
Ссылка: https://barometr.kg/daryger-covid-19-zhnnd-populyarduu-fejk-maalymattardyn-betin-achty
Добавить комментарий ×