Дарья Масловага 2 миллион сом сыйлык берилет

30 августа 2018 13:27 3536 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова мамлекет тарабынан 2 миллион сомдук сыйлык менен сыйланат. Маалыматка ылайык, Азия оюндарынын жыйынтыгы менен мамлекет тарабынан эң чоң акчалай сыйлык жеңил атлетчи Дарья Масловага берилет. Ал Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында алтын жана күмүш медалды багындырды.  

Өкмөт буга чейин убадалагандай, аны 2 миллион сомдук сый акы күтүп турат.  Ал эми  джиу-джитсу боюнча алтынды камсыздаган Төрөкан Багынбай уулу  1 миллион 250 миң сом алат. Мунун менен катар эле спортчулар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова жана Нурсултан Алымкулов күмүш медаль үчүн 750 миң сомдон алышса, үчүнчү орундарды багындырган 9 спортчуга мамлекет тарабынан 500 миң сомдон берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/darya-maslovaga-2-million-som-syjlyk-berilet



Добавить комментарий