Дары-дармектерди Кыргызстандан экспорттоого алты айга тыюу салынды
Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргызстандан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Аталган тыюу салу өкмөттүн биринчи кезектеги бекитилген 100 күндүк чаралар планынын алкагында киргизилген.
Аталган токтомдун максаты - КРнын калкынын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык кыйын кырдаалдын алдын алуу үчүн дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоодо жетишсиздикке жол бербөө.
Документке ылайык, КРнын Экономика жана финансы министрлиги убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы зарыл.
Ссылка: https://barometr.kg/dary-darmekterdi-kyrgyzstandan-eksporttoogo-alty-ajlyk-ubaktyluu-tyyuu-salyndy
Добавить комментарий ×