Дартка даба айран

18 марта 2022 10:15 3091 Barometr
Поделиться в:
ok

Ак сүттөн жасалган организмге пайдалуу айрандын турдүү дартка даба экенин бири билсе, бири биле бербейт. Бул азыкты  медицинада «тез жардам азык» деп да атап келишет. Бул тууралуу дарыгерлердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Себеби, бул азык организмди тазалап гана кобой, өзүндөгү витаминдеринин дарылык касиети бар.

• Тамак аш сиңирүү системасын иретке келтирет.

• Жугуштуу оорудан сактай.

• Көздүн көрүүсүн жакшыртат.

• Теринин жумшак жана сулуу болуусун камсыздайт.

• Антибиотиктердин терс таасирин жоёт.

• Нерв жана жүрөк үчүн керектүү В1 витамини бар.

• Уйкусуздукту болтурбайт.

• Операция жасалганда организмдин тез айыгуусуна жардам берет.

• Ич өтүү жана ашказан ооруларын эмдейт.

• Адамдын күчүн арттырат (курамында белок бар)

• Жара жана күйүктөргө пайдалуу.

• Сөөктүн жетилүүсү үчүн D витамини бар.

• Ичегилердин жакшы жумуш иштөөсүн камсыз кылат.

• Түрдүү инфекцияларды алдын алат.

• Курамында кальций менен калий бар.

Ошону менен бирге, айран эң жакшы косметика. Чач күтүмүндө анын орду өзгөчө, себеби чачты жумшак болуп, жылтырап туруусуна камсыз кылып турат. Чач жууганда 30-40 мүнөт барын чачка сиңирип сүйкөш керек. Ал теринин тазарып, агарып, өз өңүн саактоо үчүн айран маскасын пайдаланыңыз. Ваннадан кийин  бетиңизге маска жасап, 20 мүнөттөй кармап, жылуу суу менен жууп таштаңыз. Бул маска бетке бырыш тушүрбөй жакшы сактайт экен.


Ссылка: https://barometr.kg/dartka-daba-ajran



Добавить комментарий