Дарига Назарбаева Сенаттын спикери болуп дайындалды

20 марта 2019 15:56 1649 Barometr
Поделиться в:
ok

Дарига Назарбаева Казакстандын Сенатынын спикери болуп дайындалды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. булагы маалымдады.

 Назарбаева палатанын депутаттарынын арасында жашыруун добуш берүү жолу менен шайланды. 44 депутаттын 44ү тең Назарбаевага добуш ыйгарды.

“Биз өзгөчө сезим менен Дарига Назарбаеванын төрайым болушу менен куттуктайбыз”,-деп билдирди сенатор Бырганым Айтимова добуш берүүнүн алдында.

 Буга чейин Назарбаева Сенаттын эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетин жетектеп келген.

Эскерте кетсек, кечээ 19-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кызматын ташырган. Бүгүн Казакстандын президенти болуп Касым Токаев шайланган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/dariga-nazarbaeva-senattyn-spikeri-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий