Данияр Үсөнов Даниил Урицкий деп атын өзгөртүп Беларусияда жашап жүрөбү?
Курманбек Бакиевдин убагындагы өкмөт башчы Данияр Усөнов азыр Беларусияда Даниил Урицкий деген ат менен биотехнологиялык илимий-практикалык борбордун жетекчиси болуп жүргөндүгүн Беларусиянын Naviny.by маалымат агенттиги жазып чыкты. Агенттиктин журналисттери Даниил Урицкийди Кыргызстандын эск-өкмөт башчысы Данияр Усөновго окшоштуруп, "Кыргызстандын экс-премьер-министр экендигиңиз чындыкпы?-деген суроого "Кыргыздардын өзүнөн сурагыла"-деп жооп берген. Мындан кийин журналисттерди камераны жана диктофонду өчүрүшүн жанындагы жардамчы баладан айттырган. Андан кийин кабарчыларга диктофон жок жооп бергенге макул болгон. Беларусиянын паспортун көргөзүп, "Менин угушумча Кыргызстандын премьер-министри Данияр Усөнов 2013-жылы Малайзияда каза болгон деп уккам"-деген.
Ошондой эле агенттиктин айтымында Минсктеги Кыргызстандын элчилиги Данияр Усөнов Даниил Урицкий деген ат менен паспорт алгандыгын тастыктаган.
Эске сала кетсек, Данияр Үсөнов Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде анын администрациясын жетектеп келип, 2009-жылдын январь айынан тарта өкмөт башчы болгон. 2010-жылы эл бийликке нааразы болуп чыккан акцияда Үсөнов да качып кеткен.
Кийин ага кылмыш иши козголуп, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.
Беглилей кетсек, Белоруссияда экс-президент Курманбек Бакиевдин дагы жашап жүргөнү белгилүү.
Ссылка: https://barometr.kg/daniyar-snov-daniil-urickij-dep-atyn-zgrtp-belarusiyada-zhashap-zhrb
Добавить комментарий ×