Данияр Абдыраимов: Тапшырма 100% аткарылды

10 августа 2019 00:16 1204 Barometr
Поделиться в:
ok

Таиландда футзал боюнча өтүп жаткан клубар арасында Азия чемпионатында Кыргызстандык “FC EREM” корейлик Star FS Seoul командасын 3:5 эсебинде утуп алды.

Команда алдыга койгон тапшырманы 100 пайыз аткарды деген пикирин команданын башкы машыктыруучу Данияр Абраимов “barometr.kg” сайтына билдирди.

“Беттештин жыйынтыгы мени толук канааттандырды. Тапшырма 100% аткарылды. FC EREM’дин курамында ирандык легионер Мохсейн Башир менен Юлдашбай Салимбаев жакшы ойношту”, - деди Данияр Абдыраимов.

Эми 11-августта кыргызстандык команда тайпалык этаптын акыркы турунда талаа ээлери Таиланддын чемпиону Thai Port FC менен беттешет.

FC EREM командасына ийгилик каалайбыз!

Ссылка: https://barometr.kg/daniyar-abdyraimov-tapshyrma-100-atkaryldy



Добавить комментарий