Далай-лама жер жүзүнүн жашоочулары үчүн коркунуч алып келген көйгөй тууралуу айтты
Тибеттиктердин руханий лидери Далай-лама жер жүзүнүн жашоочуларын глобалдык жылуулук жана ичүүчү суунун жетишсиздиги тууралуу жаралган көйгөйлөрдү бирдиктүү чечүүгө чакырды. Бул тууралуу тибеттиктердин руханий лидеринин расмий сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
"Биздин планета - бул жашоо үчүн эң сонун жер. Жер планетасынын жашоосу биздин жашообуз, анын келечеги биздин келечегибиз. Жерди чындыгында биздин эне деп атоого болот жана биз, анын балдары, ага көз карандыбыз. Жеке уюмдар жана айрым мамлекеттер глобалдык жылуулук жана озон катмарынын азайышы сыяктуу көйгөйлөрдүн үстүндө иш алып барып жатышат. Эгерде, биз бүткүл адамзаат бирикпесек, бул көйгөйлөрдү чече албайбыз. Жер-Эне жалпы адамзатка биримдикте болууга үйрөтүп жатат", - деп жазды Далай-лама.
Ошондой эле, ал ичүүчү суунун жетишсиздигине да токтолду.
"Бүгүнкү күндө, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө адамдар, айрыкча энелер жана жаш балдар таза суунун жетишсиздигинен улам, ар кандай ооруларга дуушар болуп жатышат. Дүйнө жүзүндө эки миллиардга жакын адам заманбап медициналык кызматтардын жеткиликсиздигинен жапа чегип жаткандыгы тынчсыздандырат. Ошентсе да, биз бириксек, анын чечимин таба алабыз”, - деп кошумчалады руханий лидер.
Анын айтымында, планетабызды сактап калуу үчүн, биз ар дайым экологиялык билимди жогорулатып жана жеке жоопкерчиликти сезе билишибиз керек. Айлана-чөйрөгө кам көрүү биздин күнүмдүк жашообуздун ажырагыс бөлүгү болушу керек.
Эске сала кетсек, АКШ тарабынан демилгеленген Климаттык саммит онлайн форматта 22-23-апрелде өтөт. Белгилүү болгондой, Джо Байден саммитке катышууга ар кайсы өлкөлөрдүн 40тан ашуун лидерлерин чакырган.
Добавить комментарий ×