Дайынсыз жоголгон кыргызстандык кыз Москвадагы камактан табылды

16 январь 2020 20:08 4109 Barometr
Бөлүшүү:
ok

19-жылдын декабрь айында Россия Федерациясында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн ишеним байланыш телефонуна Кыргыз Республикасынын жарааны 55-жаштагы Чуй облусунун тургуну Н.А. кайрылып өзүнүн дайынсыз жоголгон кызы Чуй облусунун 1998-жылы туулган  тургуну А.Сны издөө иштерине көмөк көрсөтүүнү суранган. Бул тууралуу ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирди.  

Жараандын айтымында анын кызы 2019-жылдын декабрь айынын ортолорунда байланышка чыккан, бирок андан кийин белгисиз себептерден улам анын туугандары менен байланышы үзүлгөн. Мындан тышкары Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө айтылган жараандын башка туугандары да кайрылып кыздын жайгашкан жери боюнча маалымат билип берүүнү өтүнүшкөн.  

Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү тарабынан дайынсыз жоголгон Кыргыз Республикасынын жаранынын Москва шаарында жайгашкан жери тууралуу маалымат алуу үчүн издөө иш аракеттерин баштоо чечими чыгарылган. Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү менен биргеликте Россиянын Москва шаарындагы ички иштер министрлигинин аймактык тескөөчүлөрүнүн жардамы менен ыкчам-изилдөө иштери жүргүзүлүп, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында дайынсыз жоголду деп издөөдө жүргөн жараан мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аныктамага караганда А,С аттуу жараан 2019-жылдын декабрь айынын ортолорунда Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин 2-бөлүмүнүн “в” пунктунда ( ири өлчөмдө мүлктү уурдоо) каралган кылмыштардын негизинде шектүү катары кармалып укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган.  

Тергөө иштери учурунда Москва шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Буга ылайык дайынсыз жоголгон жараандын издөө иштери токтотулган. Азыркы учурда аталган факт боюнча туугандары маалымдандырылып юридикалык консультация ала алышты.


Ссылка: https://barometr.kg/dajynsyz-zhogolgon-zharan-moskva-shaarynyn-ubaktyluu-karmoochu-zhajynan-tabylgan



Добавить комментарий