Дайынсыз жоголгон Казакстандын Hit tv телеканалынын продюсери Айгерим Мусаеванын жансыз денеси табылды

22 октября 2018 09:00 1460 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Эки күн мурда жоголуп кеткен Казакстандык Hit tv телеканалынын продюсери жана журналист Айгерим Мусаеванын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат агенттиктери жазып чыкты. Берилген маалыматтарга ылайык, 20-октябрда Алматыдагы Турксибский районундагы темир жолго жакын жолдо аял кишинин жансыз денеси табылган. Жанында өздүк маалыматты такстыктаган документтери жок болуп чыккан. Табылган дене шаардык өлүкканага жеткирилип, полиция тарабынан изделип жаткан 1991-жылы туулган журналист Айгерим Мусаева экендигин иниси тааныган. 

Айгеримди эки күндөн бери социалдык тармактарда туугандары издеп жаткан. Ал уй-бүлөлүк чыр-чатактан улам таарынып, жанына эч нерсе албай чыгып кеткендиги айтылууда. 

"Айгерим жөндөн жөн эле баарын таштап чыгып кетчү адам эмес эле. Ал өтө жоопкерчиликтүү болчу. Аны үйүндө эки баласы күтүп турат. Мындай кылышы мүмкүн эмес"-дейт чогуу иштеген коллегалары.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Айгерим Мусаева бүгүн жерге берилет. 

Ссылка: https://barometr.kg/dajynsyz-zhogolgon-kazakstandyn-hit-tv-telekanalynyn-prodyuseri-ajgerim-musaevanyn-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий