Дайынсыз жоголгон 18 жаштагы кыргызстандык кыз Москвада табылды

20 июня 2019 17:20 4559 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада бир нече айдан бери туугандары менен кабарлашпай дайынсыз жоголгон Кыргызстандын 18 жаштагы тургуну кайда экендиги аныкталып табылды.Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2019-жылдын июнь айынын башында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн ыкчам телефонуна Талас облусунун тургуну, 1966-жылы туулган Ж.О. аттуу жаран дайынсыз жоголгон 2001-жылы туулган кызы Т.Б. аттууну издөөгө көмөк көрсөтүү суранычы менен кайрылган. Анда издеп жаткан кызы 2018-жылдын октябрь айынын аягында Россияга келгенин, акча табуу үчүн Москва шаарынын аймагында иштеп жаткандыгын, 2019-жылдын март айында туугандары менен байланышы үзүлгөнүн маалымдаган. Телефон менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Ж.О. аттуу жаранга (аял киши) Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык Москва шаарынын аймагында дайынсыз жоголгон кызын издөөнү уюштуруу керектиги боюнча түшүндүрмө берилген. Бул окуя социалдык тармактарда коомдук резонанс жараткан. 2019-жылдын 10-июнунда “Азаттык” агенттигинин кабарчысы “Фейсбуктагы” өзүнүн жеке баракчасында мекендештерине кайрылып, Москва шаарына келген аялга дайынсыз жоголгон кызын издөөгө жардам көрсөтүүлөрү боюнча билдирүүсүн жарыялаган. Аталган факты  ИИМдин жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүнө алынган. 11-июнь күнү Ж.О. аттуу жаран кыргыз диаспорасынын мүчөлөрүнүн коштоосунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө барып, бир нече айдан бери байланышы үзүлгөн кыздын жоголушу боюнча маектешүү жүргөн. Ал «WhatsApp» мессенджеринде жазышкан каттарды көрсөтүп, анда кызы аны кыйнап кармап жатышкандыгы жана кайда жүргөндүгү белгисиз экендигин көрсөткөн. Өкүлчүлүк тараптан тез арада Ж.О. аттуу жарандын кайрылуусун каттоо жана Москва шаарынын аймагында анын эркине каршы батирде кармап турат делген Т.Б. аттуу дайынсыз жоголгон кызды издөөнү уюштуруу үчүн Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы аймактык түзүмүнүн бөлүмүнө коштоп барышкан. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясынын Өкүлү Раим Салимовдун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси А. Джекшенкуловдун макулдугу жана колдоосу боюнча кызын издеген аялды элчиликтин алдындагы “Конок үйгө” кайтарымсыз негизде жайгаштырышкан.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы аймактык түзүмү менен биргеликте катталган материал боюнча дайынсыз жоголгон кыздын кайда экендигин аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, 2019-жылдын 17-июнь күнү дайынсыз жоголгон Т.Б. Москвадан табылган. Т.Б. аттуу өзүнүн түшүнүк катында Россиянын жараны, Баткен облусунун тургуну 2000-жылы туулган С.Б. аттуу жаран менен жашап жаткандыгы, бирге чарбачылык менен алектенип жатышкандыгын билдирген. Ошондой эле, ал жолдошу экөө үйлөнөбүз дегенди эки тараптын туугандары каршы чыгышканын, байлынышты үзүп сүйлөшпөй коюшкандыгын маалымдаган. Ошондуктан, ал туугандарын тынчтандыруу максатында кыйнап кармап жатышкандыгын билдирип келген, бирок энеси Москвага келип калаарын ойлогон дагы эмес.

Териштирүүдөн кийин жашы жете элек кыз Москвада өзүнүн жарандык жолдошу менен калып, энеси болсо 2019-жылдын 18-июнь күнү мекендештеринин колдоосу менен кайра Кыргызстанга учуп келди. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жогорудагыдай фактыны болтурбоо жана жакындарын адаштырып, күмөн ойлорду жаратпоо үчүн түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Ошондой эле ага ар убак туугандары менен байланышып туруусу сунушталды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/dajynsyz-zhogolgon-18-zhashtagy-kyrgyzstandyk-kyz-moskvada-tabyldy



Добавить комментарий