Дагы бир милиция пара алууга шектелип кармалды
Кечээ, 25-октябрда Бишкектин Анкара жана Ч.Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде пара алууга шектелип, милиция кызматкери кармалды.
Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү С.Н. сотко чейинки ишти жабуу максатында кылмышка тийишти бар тараптан 10 миң сом акча талап кылган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш Кодекстин “Пара талап кылуу” беренеси менен катталган.
Шектүүнү Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Криминалдык милиция кызматы (КМК) менен финансы полициясынын кызматкерлери бирге колго түшүрдү.
Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Окуянын чоо жайын маалымдап, ага карата чара көрүү өтүнүчү менен буга чейин ИИМдин КМКга Б.Р. аттуу жаран кайрылган.
Бул иш боюнча тергөөнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) жүргүзүп жатат.
Милиция өз катарын паракор, милициянын кызыкчылыгына доо кетиргендер, мыйзам бузуучулардын тазалоо боюнча аракеттер жүрүп жатканын билдирет.
Ссылка: https://barometr.kg/dagy-bir-miliciya-para-aluuga-shektelip-karmaldy
Добавить комментарий ×