Дагы бир көчкү. Казарман-Актал-Чат унаа жолуна 5000м3 кар көчкү түштү
Поделиться в:
Казарман-Актал-Чат унаа жолуна 5000м3 кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, көчкү бүгүн 20-декабрда саат 13:10 чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдагы жолго түшкөн.
Алдын ала берилген маалыматка ылайык көчкүдөн жабыркагандар жок.
20дай кызматкер барып, жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/dagy-bir-kchk-kazarman-aktal-chat-unaa-zholuna-5000m3-kar-kchk-tsht
Добавить комментарий ×