Дагестанда полиция бөлүмүнөн мурдагы айыл башчыны атып кетишти

8 февраля 2021 13:42 2898 Barometr
Поделиться в:
ok

Дагестандын Новокули айылынын мурунку айыл башчысы, 34 жаштагы Абакар Каплановду 6-февралда кечинде Махачкаладагы полиция бөлүмдөрүнүн биринен атып кетишти. Бул тууралуу "РИА Новостиге" шилтеме берүү менен "Барометр" билдирет.

Ал Махачкаланын Совет районундагы кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын кеңсесинде атып өлтүрүлгөн. 

Өлтүрүлгөн адамдын аталаш агасы Рамазан Султанов билдиргендей, 6-февралда кечинде Каплановду РОВДга «жер тилкелеринин чыры тууралуу» деп алып кетишкен. Анын айтымында, өлтүрүүнү агасынын айылдаштары жасаган. Киши өлтүрүүгө жер участогу боюнча чыр себеп болушу мүмкүн деп билдирди Дагестандын Ички иштер министрлиги. ТАССтын билдиришинче, буга чейин Капланов жер тилкелери менен мыйзамсыз алектенген деп бир нече жолу суракка чакырылган. 

Baza басылмасы билдиргендей, мурдагы айыл башчыны ОМОН кызматкерлери - бир тууган Курбановдор өлтүргөн. Алар "Ярыгиндин" кызматтык тапанчасынан ок чыгарып, жалпысынан 36 ок аткан. Кол салгандар эки адам болгон, алардын ар бири 18 ден ок чыгарган.

Айыл башчынын өлүмүнө шектүү эки адам тең кармалган.

Ссылка: https://barometr.kg/dagestanda-policiya-blmnn-murdagy-ajyl-bashchyny-atyp-ketishti



Добавить комментарий