Дача-СУда жаш жигит атасын бычактап өлтүрүп, тез арада көмүп салмак болгондо кармалды

13 июля 2021 22:03 3624 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулук районунун Дача-СУ айлында 21 жаштагы жигит атасына 20дан ашык ирет бычак уруп өлтүргөн. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, 4-июлда милиция кызматкерлерине Дача-СУ айылынын тургандарынан маалымат түшкөн. Алар айылда түшүнүксүз жагдайда сөөк коюу тажиясы болуп жатканын айтышкан.

Айылдагылардын бири сөөктү жууганы киргенде анын денесинен көптөгөн бычактын тактарын көргөн. Окуя болгон жерге келген милиция тажияны токтотту.

Тергөө маалында 1966-жылы туулган эркекти 1995-жылы туулган уулу бычактап салганы белгилүү болду. Каза тапкан эркектин аялы ошол күнү Бишкекке кеткен.

Уулу дайыма арак иче берген атасы менен калып, экөө уруша кетишкенде ал атасын кол салып, бычактап салган жана андан кийин жуунуп, килемди  тазалап, ага атасын ороп, көчөгө чыгып атасынын кокустан эле өлгөнүн кошуналарына кабар берген.

Ошол эле күнү молдо чакыртып, боз үй тигип сөөктү тез арада көмүүгө аракет кылган.

Кылмыш иши козголуп, шектүү камалды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/dacha-suda-zhash-zhigit-atasyn-bychaktap-ltrp-tez-arada-kmp-salmak-bolgondo-karmaldy



Добавить комментарий