Цунами рок ырдап жаткан музыканттарды жана залда олтурган элди агызып кетти
Танджунг-Лесунг аралында музыканттар концерт коюп жаткан учурда цунами каптап кетти. Бул тууралуу видео чет элдик басылмаларга жарыяланды. Анда көрүнүп тургандай, рок ырдап жаткан музыканттар жана залдагы көрүүчүлөр дагы жабыркашкан.
Маалыматтарга ылайык, топтун аты Seventeen деп аталат, ал эми топтун музыканты, вокалист Дилан Сахара дайынсыз жоголууда.
Эске салсак, жума күнкү атылган вулкандан улам Индонезияда жер жарылып, суунун бийиктиги үч метрге жеткен цунами өлкөнүн батыш тарабын каптаган. Кырсыктан 1016дан ашык адам жабыркап, 300дөй адам өлүп жана 60тан ашыгы дайынсыз болууда.
Ссылка: https://barometr.kg/cunami-rok-yrdap-zhatkan-muzykanttardy-zhana-zalda-olturgan-eldi-agyzyp-ketti
Добавить комментарий ×