ЦУМдун жанына сабап кетишкен чет өлкөлүктүн абалы оор

3 июля 2019 12:30 1267 Barometr
Поделиться в:
ok

ЦУМдун жанына сабап кетишкен чет өлкөлүктүн абалы оор. Бул тууралуу Улуттук госпиталдан маалымдашты. 

Учурда чет элдик жаран реанимация бөлүмүндө, комада жатат.

Эскерте кетсек, кечээ 2-июлда Бишкектеги “Айчүрөк” борбордук дүкөнүнүн жанында чет элдик жаранды бир жигит чаап жиберген. Эркек киши жерге кулап эсин жоготкон.

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жабырлануучу Нигериянын жараны болуп эсептелет. Учурда бул иш боюнча иликтөө башталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/cumdun-zhanyna-sabap-ketishken-chet-lklktn-abaly-oor



Добавить комментарий