Аскат Алагөзов «Пирамида» холдингинин директору болду
Поделиться в:
Аскат Алагөзов «Пирамида» медиахолдингинин жаңы директору болду. Бүгүн аны ведомствонун жамаатына тааныштырышты.
Буга чейин Аскат Алагөзов бир жылдай «Пирамиданын» директорунун орун басары болуп эмгектенген. Ага чейин бир нече жыл Бешинчи каналда иштеген, алгач катардагы кабарчы, кийин маалыматтык бөлүмдүн продюсери болгон. Учурда Аскат Алагөзов 33 жашта.
Эске салсак, «Пирамида» медиахолдингдин мурунку жетекчиси Нурзада Токтогулова отставкага кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/content9989
Добавить комментарий ×