Эл өкүлдөрү Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитти

19 декабря 2017 14:01 593 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 19-декабрда, конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча парламенттик комитеттин жыйынында депутаттар, Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча Кеңештин курамына көрсөтүлгөндөрдүн талапкерлерин жактырды.

Демек, парламенттин көпчүлүк коалициясы тарабынан Тилектеш Бегалиев, Назира Сопубекова жана Айбек Монолов көрсөтүлдү.

Парламенттик оппозициялык фракциялар болсо төмөнкү талапкерлерди сунуштады: Алтынбек Кубатбеков («Республика – Ата-Журт»), Гүлжан Кошокова  («Өнүгүү-Прогресс»)  жана Алмаз Калбаев  («Ата Мекен»).

Судьялар кеңеши тарабынан Шералы Камчыбеков, Элмира Барыктабасова жана Ирина Горшковская көрсөтүлдү.

Талкуунун жыйынтыгында эл өкүлдөрү Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитти.

Ссылка: https://barometr.kg/content9938



Добавить комментарий