Осмонбек Артыкбаев, ЖКнын депутаты: “ Дүйнөдө бул маселенин абалы жакшы деп айтканга болбойт. Кыргызстандагы абал андан бетер жакшы эмес”

2 марта 2017 13:57 412 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде Республикалык ден-соолукту чыңдоо борбору 3-март Бүткүл дүйнөлүк тубаса кемтик ооруларын алдын алуу күнүнө карата маалымат жыйын өткөрдү. Ага Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев да катышты. Маалымат жыйындын жүрүшүндө депутат Осмонбек Артыкбаев да сөз сүйлөп, бул маселенин абалы, аны чечүүнүн жагдайы туурасында айтты. «Дүйнөдө бул маселенин абалы жакшы деп айтканга болбойт. Кыргызстандагы абал андан бетер жакшы эмес. Бирок ага карабай бул багытта көптөгөн иштер жүргүзүлүп келүүдө. Учурда Жогорку Кеңеш, өкмөт, жарандык коомчулук, бизнес чөйрө менен  биргеликте бул маселени жеңүү жаатында аракеттерди көрүп жатат. Мындай  демилге ийгиликтүү болуп, өзүнүн жемишин бере баштады деп айтсак болот. 2016-жылы кабыл алынган «Унду байытуу жөнүндө» мыйзам долбоору да акырындап иштей баштады. Бирок тилекке каршы, толук кандуу иштебей жатат, эксперттердин айтымдарында, 30-35 %га иштөөдө. Мыйзамды аткаруу боюнча өкмөттүн токтому да иштебей келүүдө. Бул маселе негизинен элибиздин саламаттыгына, келечегине, генефондуна байланышкан. Эгерде биз алдын-алып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзсөк, күтүлчү коркунучтардан, болчу кесепеттерден арылсак болот. Өкүнүчтүүсү, иштер тиешелүү деңгээлде болбогондуктан, тубаса балдар төрөлүп, анын кесепети мамлекетке, олшол үй-бүлөгө, өзүнө тийүүдө», - деди Осмонбек Артыкбаев.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content990



Добавить комментарий