Өзү менен чогуу жашаган тургунду бычактаган аял кармалды
Бишкекте эки кылмыш ишинин бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматы билдирди.
28-октябрда, болжол менен саат 15:00дө Л.Толстой жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде зордук белгилери менен адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге Ленин райндук Ички иштер башкармалыгынын ыкчам-иликтөө тобу барган.
Жабырлануучунун өзүдүгү такталган: ал 1969-жылы туулган, Нарын областынын тургуну болгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан, бул кылмышка шектелип 1985-жылы туулган О.У. жана 1992-жылы туулган К.уулу Б. кармалган. Аныкталгандай, кармалган жарандар менен жабырлануучу ичимдик ичип отурган кезде ортолорунда чатак чыккан. Эки эркек аялды уруп, анын кесепетинен ал каза тапкан. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык, («Адам өлтүрүү») иш козголуп, кармалгандар тергөө абагына киргизилген.
Ошондой эле 15-декабрда, болжол менен кечки саат беш жарымдарда, Ленин райондук ИИБсинин күзөт бөлүмүнө, Бишкектеги Казань көчөсүндө үй-бүлөлүк чыр-чатак чыкты деген маалымат келген. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып, анда зордук белгилери бар эркек адамдын сөөгү аныкталган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө, жабырлануучу менен кармалган тургун экөө чогуу жашап жүргөнү, экөөнүн ортосунда уруш чыгып кетип эркек адам аялды чапканда аял бычак алып эркекти төш тарапка сайганы, андан улам жаран каза тапканы белгилүү болгон.
Факт боюнча Ленин райондук ИИБсинин иликтөө кызматы тарабынан, Кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык, («Адам өлтүрүү») иш козголгон.
Кылмышка шектелип 1988-жылы туулган, Р.З. аттуу жаран кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилди. Учурда иликтөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content9888
Добавить комментарий ×