Оппозиянын Түркиядан келди деген документтеринде бир нече каталар табылды

2 марта 2017 11:34 404 Barometr
Поделиться в:
ok

 

 Оппозициянын Дача-Су  айылына кулаган учак боюнча берилди деген  Түркиядан келген документтерде бир нече каталар бар. Бул жөнүндө  Стамбул окуу жайынын  окутуучусу Инаш Азим фейсбук баракчасына жазып чыкты. “Эмблема эмнегедир окшобой турат. Анчалык коюу болбосо керек эле.  2.Көп эле иш кагаздарын которуп жүрөм. Бирок "чок чок гизли" деген сөз айкашын биринчи жолу көрүп турам. "Мүдүрлүгү диккатине" эмес,"мүдүрлүгүнүн диккатине" болот туура жазылышы. 3.Текстеги "сесли йылан" эгер лакап болсо чоң тамгалар менен же тырнакчага алып жазылыш керек болчу, президенттик апаратта мынчалык сабатсыз адамдар иштебесе керек эле. Эгер бул түп нуска эмес котормо болуп,катты кыргызча же орусча билген котормочу которгон болсо "гайри ресми тержуме-бейрасмий котормо" деген жазуусу болуш керек эле. 4.Бишкек деген жерде "Бишкек де" деп бөлөк эмес Бишкек"те деп "т" менен жана апостроф-кесүү белгиси менен жазылышы керек эле. Анткени түрк тилинин орфографиясына ылайык ошондой жазылат."Девлетлери" деген жерде да ошол белги коюлат. 5.Эч бир мамлекеттик расмий орган минтип конкреттүү далили болбой туруп "мафия болгон" деп жалпы мааниде билдирүү жөнөтө албайт. Жөнөтсө да, мисалы Түркия өз өлкөсүнүн саясатынан улам "түрк мафиясынын мүчөлөрү" деген аталышты расмий катта билдире албайт”-дейт ал. 

Ссылка: https://barometr.kg/content988



Добавить комментарий