Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн "Үмүт" кино форуму өтөт

18 декабря 2017 09:08 888 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте 18-20-декабрь аралыгында КМШ өлкөлөрүнүн “Үмүт” кино форуму бешинчи жолу өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинен билдиришти.

Бул жылы фестиваль Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган. Форумда улуттук, эл аралык жана анимациялык фильмдердин сынагы өткөрүлөт. Иш-чара үчүн тандалган тасмалар Чыӊгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө көрсөтүлөт.

Калыстар тобунун курамына Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын белгилүү киночеберлери киришти. Фестивалдын алкагында Ыйман, адеп жана маданият жылына арналып тартылган социалдык роликтер дагы көрсөтүлөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9870



Добавить комментарий