Рита Карасартова депутаттарга: Кубат Оторбаев силерге кызмат кыла албайт!

15 декабря 2017 17:48 810 Barometr
Поделиться в:
ok

Укук коргоочу Рита Карасартова акыйкатчы Кубаа Оторбаевди жактап чыкты. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасында билдирген.

"Акыйкатчынын институту жөнүндө ойлонуп жатам. Анын иммунитети болушу керек. Акыйкатчы партиялык кызыкчылыктарга кызмат өтөй албайт. Жогорку Кеӊештин депутаттарына болсо омбудсменди жайына коюп, андан көрө парламентаризмди бекемдөө, өздөрүнүн мыйзам жана көзөмөл функциялары менен алектенсе деп айткыӊ келет", - деди укук коргоочу.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» коомдук бирикмесинин жетекчиси Динара Ошуракунова, эл өкүлдөрү акыйкатчыга каршы чыгуу менен, өздөрүн өзү «кастрация кылууда» деп эсептейт.

Эске салсак, бүгүн, 15-декабрда, КСДП фракциясынын жыйынында, депутаттар акыйкатчы Кубат Оторбаевге парламентке келбей койгону үчүн таарынды. 

Фракциянын лидери Иса Өмүркулов, жыйындын тартибине ылайык омбудсмен Кубат Оторбаевдин ар жылкы докладын угуу пландалганын белгиледи.

"Бирок ал жыйынга келген жок, жана бул биринчи жолу болуп жаткан жок", -деди ал.

 Депутаттар Оторбаевдин жүрүм-турумуна нааразы болушту. Акыйкатчынын жыйынга катышпаганын алар КСДП фракциясынын депутаттарына болгон урматсыздык деп баалашты. 

"Анын ордуна иштейм деген башка талапкер келиши керек»,-деп сунуштады Мурадыл Мадеминов.

"Эгер ал келгенди каалабаса анда балким биз өзүбүз ага барабыз? Саясий чечим кабыл алууну сунуштайм»,-деди Рыскелди Момбеков.

Депутат Ирина Карамушкина болсо Оторбаевди жактап чыкты. Депутат акыйкатчынын эмнеден улам келе албай калганын териштиргенден кийин чечим кабыл алуу керектигин сунуштады. 

"Оторбаевдин жыйынга келбегени, отчет бербегени баарыбыз үчүн эле жагымсыз экенин түшүнөм. Бирок жарандык сектор аны колдойт", -деп Карамушкина кесиптештерин чакырган.

Бирок эл өкүлдөрү Карамушкинанын мындай пикирин тыӊдаган жок жана акыйкатчынын отчетун канааттандырарлык эмес деп таанууну чечишти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9849



Добавить комментарий