Үй-жайсыз жетимиш тургун үчүн эки маал ысык тамак уюштурулду

15 декабря 2017 17:24 769 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Бишкекте, Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери менен волонтерлор үй-жайсыз 70 адамга түшкү жана кечки ысык тамак уюштурду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Бишкекте кыш мезгилине карата ноябрдан март айына дейре шаардын эки районунда селсаяктар үчүн убактылуу башпаанек ачылган. Анда аларга бир маал ысык тамак берилет.

Мындай имараттардын бири Свердлов районундагы Фере №34 көчөсүндө, ал эми Октябрь районундагы башпаанек 12 кичи районунда жайгашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content9848



Добавить комментарий