Бишкекте тоноочулукка шектелген төрт жаран кармалды

15 декабря 2017 16:18 845 Barometr
Поделиться в:
ok

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тоноочулукка шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда, Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган райондук ички иштер башкармалыгына жаран кайрылып, белгисиз төрт адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Тактасак, 14-декабрда Манас проспектиси менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуп, тургундун уюлдук телефонун жанаакчасын тоноп кетишкен.

Кызматкерлер кылмыш изи сууй электе, аталган кылмышка шектелген жарандарды кармаган: 1999-жылы туулган А. А., И. Н., М. Б., жана 2000-жылы туулган А. А.. факт боюнча Кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча («Каракчылык») иш козголгон.

Кармалгандар убактылуу тергөө абагына киргизилип, иликтөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/content9844



Добавить комментарий