Жээнбеков көп батирлүү турак жайлардын тургундарына электрди соода объекттерине берүүгө тыюу салды

15 декабря 2017 13:31 1457 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент  Сооронбай Жээнбеков «Жерди колдонуу жаатында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Мыйзам Жогорку Кеӊеш тарабынан 2017-жылдын 15-ноябрында кабыл алынган.

Бул мыйзам жерге карата укук мамилелерди жөнгө салууга багытталган.

Документтеги нормаларга ылайык, мамлекеттин жана муниципалдык менчикте болгон, калк отурукташкан пункттардагы жерлер субижарага берилбейт.

Ошондой эле, бул мыйзам, көп батирлүү турак жайлардын жашоочулары, электр энергия ишканаларына, көп батирлүү турак үйлөргө арналган электр энергиясын соода жана өнөр жай объекттерине берүүсүнө тыюу салат.

Мыйзам, расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/content9836



Добавить комментарий