Өлкөнүн областтык телерадиокомпанияларында медиа-борборлор ачылат

15 декабря 2017 12:17 675 Barometr
Поделиться в:
ok

Маданият министрлигинде мамлекеттик областтык телерадиокомпаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү. Анда алдыдагы аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо маселеси талкууланды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Султан Жумагулов, өкмөттүн тапшырмасы боюнча, бүтүндөй маалыматтык кызматтар комплексин көрсөтө турган мамлекеттик областык телерадиокомпаниялардын базасында аймактык медиа-борборлорду түзүү болжонууда.

Аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органга аймактык ЖМКны реформалоо тапшырылды. Анын максаты – 34 райондук, 12 областтык гезит жана 6 областтык телеканалды камсыздоого багытталган бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу.

Ар бир областта ачыла турган медиа-борборлор, бир нече платформалардан турат: телевидение, радио, жаӊылыктар веб-сайты, маалымат-борбору, медиа-мектеп (окуу борбору).

Ссылка: https://barometr.kg/content9829



Добавить комментарий