Бактыгүл Чотурова, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: “Бизден кийин мыкты акын жазуучу кыздардын чыгаарына ишенем”
-Бактыгүл эже, азыркы жаш акындарга кандай баа бересиз?
Жакшы баа берем. Себеби, "Нурборбор" деген адабият академиясынын шинелинен учуп чыккан таланттуу жаш акындардын дүбүртү жакшы чыгып келе жатат. Алар бизден да кыйын ырлары жараткан келечектин эл акындары дей турган кудурети бар улан кыздар, ошолорду колдоо керек. Бизден кийин мыкты акын жазуучу кыздардын чыгаарына ишенем.
"Калемгер", "Жаңы толкун" аттуу топтору бар алардын. Оштон Улукбек ОМОКЕЕВ ЖЕТЕКТЕГЕН "Жигер" адабий ийрими да булар менен тыгыз байланышта иштеп жатышат. Кп учурда бизди дак иш-чараларына чакырып турушат, абдан ыраазы болом Эмне үчүн дегенде булар эч кандай мамлекеттен же чыгармачыл союздардлан жардам күтүп олтурбай эле өз киндиктерин өзү кесип, бири-бири колдоп, китептерин чыгарышып, ыр кечелерин, эл менен жолугушууларды өткөрүшүп, алыс сапарларга да чыгып жүрушөт. Ынтымактары күчтүү. Буларды алгач баштап, негиздеп берген Абдымамет Сариевди "Аталык" деп атап алышкан. Нурлан Калыбеков деген чыгаан акын инибиз өзүнүн китебинен мурун ушул балдардын китебин чыгарганга чуркап, эрдикке тете иш кылып жатат. Алардын алды окурмандарга таанылып калды. Мирлан Самыйкожо, Алтынбек Исмаилов, Жылдызбек Турсунбаев, кыздардан Жазгүл ЖАМАНГУЛОВА, Алтынай ормотоева, Айсулуу ж.б. кийинкилерден Бердибек Жамгырчиев менен Акбар Кубанычбеков Алыкул сыйлыгынын лауреаттары, Мирлан Алтымышов, Максат Жангазиев, Умар Нусубалиев, Мелис Маматжанов, дагы өтө көп татыктуу ысымдарды атабай калсам кечирим сурайм, иши кылып бул таза таланттардын мектебине мен сыймыктанам, анан интернетте "Биздикилер!" деген сыймыктуу сөздү биринчи ушуларга арноодон баштагам!
Ссылка: https://barometr.kg/content980
Добавить комментарий ×