Депутат Бишкекке кире турган эски унааларга салык төлөтүүнү сунуштады

14 декабря 2017 13:46 790 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Дастан Бекешев (КСДП) Бишкекке кирүү үчүн атайын төлөм киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-декабрда, Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Депутаттын пикири боюнча, калк, автоунаалардын саны өсүп жаткандан улам дарттарга чалдыгып жатат. Экологияны жакшыртуу үчүн «популярдуу эмес» ыкмаларга өтүп, Бишкекке кирчү эски транспортторго салык төлөтүү керек. «Бизде унаалардын 80%ы эски. Өлкө таштандыга айланды»,-деп кошумчалады депутат.

Бекешев, өлкөдөгү эски кичи автобустардын дагы экологияга зыян алып келерин айтып, акырындап андай транспортторду көчөлөрдөн алып таштоо керектигин кошумчалады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9789



Добавить комментарий