Бишкекте 63 жаштагы Имарали Кушматов изделип жатат

14 декабря 2017 12:44 825 Barometr
Поделиться в:
ok

Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмү 22.04.1954-жылы туулган, дайынсыз жоголгон Кушматов Имарали Набиевичти издеп жатат. Ал ушул жылы 24-ноябрда үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилери: бою 170-175 см, чачы кара, кыска, көздөрү күрөӊ, кашы калыӊ, бет түзүлүшү сүйрү, буудай өӊдүү.

Кийген кийими: куртка, спорттук шым, кара түстүү бут кийим. Өзгөчө белгилери жок.

Милиция жаранды көрүп-билгендер болсо төмөнкө телефондорго кайрылууну өтүнөт: (0312) 568-260; (0555) 102-497; (0555) 102-199; (0707) 654-555 же «102» кызматына.

Ссылка: https://barometr.kg/content9783



Добавить комментарий