Бишкек-Ташкент каттамын эки эсеге көбөйтүү пландалып жатат
Поделиться в:
Жакынкы араларда Ош-Ташкент авиабилдирүүнү ачуу жана Бишкек-Ташкент каттамын эки эсеге көбөйтүү пландалып жатат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга жасагана расмий сапараныын алкагында Ташкентте өткөн маалымат жыйында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев билдирди.
Анын айтымында, бул багыттарда чоӊ талап бар. Ал туризмдин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшү керек.
Мирзиеев ошондой эле, Балыкчы-Ташкент темир жол маршрутунун ачыла тургандыгын кошумчалады.
«Кыргызстанда уникалдуу Ысык-Көл деген көл бар. Биздин эл көптөн бери эле ал жакта эс алууну каалайт. Мунун баары адамдар үчүн да. Эмнеге кишилер, Кудайдын берген көлүндө эс ала алышпайт экен», - деди Мирзиеев.
Ссылка: https://barometr.kg/content9768
Добавить комментарий ×