Абдил Сегизбаев, УКМКнын Төрагасы: «Бул акча Текебаевдин жеке колуна берилген»
Поделиться в:
Учурда Жогорку Кеңеште УКМКнын Төрагасы Абдиль Сегизбаев депутат Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча маалымат берип жатат. Анын айтымына караганда Текебаев бир нече кылмыш иштерине күнөөлөнгөн. « Өмүрбек Текебаев Мегаком чыры боюнча иштерге күнөөлөнүп жатат. Ал 1 млн доллар чет өлкөнүн жаранынан Мегакомду сатып берүү иштерине аралашуу үчүн алган. Бул мыйзамсыз. Бул акча Текебаевдин жеке колуна берилген. Биринчиден 300 000 доллар андан кийин калгандарын бөлүп алган. Тилекке каршы ошол убакта чындап канча алганын билген жокпуз. Кийин гана баары маалым болду»-дейт ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content976
Добавить комментарий ×