Түркиянын Кыргызстандагы элчиси өзүнүн дипломатиялык миссиясын аяктады

13 декабря 2017 14:21 667 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Абдылдаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси катарында аткарган иштери үчүн Метин Кылычка ыраазчылык билдирди.

Түрк элчиси өз кезинде Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Тышкы иштер министрлигине, көрсөткөн жардам үчүн ыраазчылык билдирди.

Ошондой эле тараптарлар кыргыз-түрк алакаларынын учурдагы абалын талкуулап, теӊдик, өз ара урмат жана ишенимдин негизинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Ссылка: https://barometr.kg/content9740



Добавить комментарий